ЭСКЕРТМЕ
Россия Федерациясынын аймагына кирген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүү жоопкерчилиги жөнүндө
Россия Федерациясынын аймагында баңги заттарын эркин алып жүрүүгө, жүгүртүүгө тыюу салынган.
Россия Федерациясынын аймагында баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан иш-аракеттери үчүн жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Ошону менен бирге кылмыш жасаган адамдардын улутуна, расасына жана жынысына карабастан кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Баңги заттарды мыйзамсыз сатып алуу, сактоо, ташуу, даярдоо үчүн жарандар Россия Федерациясынын Кылмыш кодексинин 228-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат жана 10 жылга эркинен ажыратуу жазасын алат.
Баңги заттарды мыйзамсыз өндүрүү, сатуу үчүн жарандар Россия Федерациясынын Кылмыш кодексинин 228-беренесинин 1-пунктуна ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат жана 20 жылга эркинен ажыратылат.
Россия Федерациясынын аймагы аркылуу баңги заттарды алып өткөндүгү үчүн жарандар кошумча түрдө Россия Федерациясынын Кылмыш кодексинин 188-беренесинде каралгандай кылмыш жоопкерчилигине тартылат жана 12 жылга эркинен ажыратылат.
Баңги заттарды аз олчомдо сактагандыгы, аларды колдонгондугу жана таркатууга угуттогондугу учун, чет олколук жарандар административдик жоопкерчиликке тартылышат жана Россия Федерациясынын аймагынан чыгарылып салынат, чыгарылып салгандан кийин 5 жылдын ичинде Россия Федерациясына кирууго тыюу салынат (Административдик укук бузуулар жонундогу Кодекстин 6-болуму), же болбосо, Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык депортацияланат.
Эгерде Сиз өз ыктыярыңыз менен укук коргоо органдарына баңги заттарды өткөрүп берсеңиз жана тергөө иштерине активдүү катышсаңыз, Сиз кылмыш жоопкерчилигинен бошотуласыз!
КЫЛМЫШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТЫ БИЛДИРҮҮ ЖАНА БАҢГИ ЗАТТАРДЫ ӨТКӨРҮҮ ҮЧҮН РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ФЕДЕРАЛДЫК КЫЗМАТЫНЫН БАҢГИ ЗАТТАРДЫ ЖҮГҮРТҮҮ БОЮНЧА БАШКАРМАЛЫГЫНА КАЙРЫЛСАҢЫЗ БОЛОТ
Урал Федералдык округунда жайгашкан Россия Федерациясынын Федералдык Кызматынын баңги заттарды жүгүртүү боюнча башкармалыктарынын
ТИЗМЕСИ
|
Башкармалык |
Дареги |
Күзөт кызматынын телефону, ишеним телефону |
|
Россиянын Курган облусу боюнча башкармалыгы |
640018, Курган ш.,
Климов көч.60 |
күзөт тел.(3522) 49 88 00
ишеним тел.(3522) 41 76 09 |
|
Россиянын Свердлов облусу боюнча башкармалыгы |
620142, Екатеринбург ш.,
Степан Разин көч.31 |
күзөт тел.(343) 251 82 27
ишеним тел.(343) 251 82 22 |
|
Россиянын Тюмень облусу боюнча башкармалыгы |
625048, Тюмень ш.,
Мадыгин көч.54 |
күзөт тел.(3452) 27 00 02
ишеним тел.(3452) 27 00 00 |
|
Россиянын Челябинск облусу боюнча башкармалыгы |
454048, Челябинск ш.,
Тернополь көч.4 |
күзөт тел.(351) 267 00 00
ишеним тел.(351) 265 34 84 |
|
Россиянын Югре-Ханты-Манси автономдук округу боюнча башкармалыгы |
628001, Ханты-Манси ш.,
Объездная көч.23 |
күзөт тел.(3467) 35 73 00
ишеним тел.(3467) 35 73 10 |
|
Россиянын Ямало-ненец автономдук округу боюнча башкармалыгы |
626660, Салехард ш.,
Чупров көч.31 |
күзөт тел.(34922) 4 92 23
ишеним тел.(34992) 5 39 08 |
ТУУРА ЖОЛДУ ТАНДАҢЫЗ ! |